• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаевдин соту кийинкиге жылдырылды

7 Жалган куран 202217:37 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын кароо кийинкиге жылды. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-мартта Жогорку сотто «Батукаев иши» боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү каралмак. Бирок сотко Башкы прокуратуранын өкүлү келбегендиктен отурум башка күнгө калган.

«Соттук отурум дагы жылды. Анткени прокурор Медер Абдышев сотко келген жок. Кызыгы бул иш Жогорку сотто Башкы прокуратуранын жаңы жагдайлар ачылды деген өтүнүчүнүн негизинде каралып жатат. Мыйзамга ылайык, Жогорку сотко кассациялык инстанцияда арыз эки айда каралып бүтүш керек. Алмазбек Атамбаевдин ишине келсек, беш ай өтсө дагы, бир дагы соттук отурум өтө элек».

Буга чейин Атамбаевдин жактоочулары Жогорку сот «Батукаев ишин» 2021-жылдын 22-декабрында кайра карай турганын билдиришкен, кийин сот отуруму ушул жылдын 17-январына жылган. Бирок жараян судьялардын бирөө ооруп калганына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылган.

Количество просмотров: 191