• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Атамбаевдин тарапташтары ачкачылык жарыялады

9 Жетинин айы 2020 14:37 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары ачкачылык жарыялашты. 

Нааразычылык акциясына чыккандар Ак үйдүн алдына келишип, Алмазбек Атамбаевге жана башка абакта жаткан башка тарапташтарына карата акыйкат чечим чыгарылышын жана соттор ачык болушун талап кылышты. Алар колдоруна плакаттарды кармап алышканын көрүүгө болот.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев былтыр август айында кармалгандан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып келген.

26-октябрда Бишкектин №1 тергөө абагына которулган. Атамбаев №1 тергөө абагындагы шарты жок камерага отургузулганына байланыштуу ачкачылык акциясын жарыялаган. 27-октябрда №47 абакка которулгандан кийин ачкачылык акциясын токтоткон.

6-октябрга караган түндөгү тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу тарапташтарынын аракети менен түрмөдөн бошотулган. Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, түрмөгө кайтарылган.

Количество просмотров: 313