• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Атазовдун тарапташтары акцияга чыккандарга каршы пикирин билдиришти

15 Кулжа 2022 11:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-июнда Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар «Эркин айым — өнүккөн өлкө», «Атазов мандатыңды тапшыр!» деген жазууларды кармап турушат. Ак үйдүн алдына чыккан жарандарга депутат Атазов чыкты. Митингдин катышуучуларына чыккан Атазов чогулгандардын кадамын сынга алып, нааразы пикирин билдирди.

Ал арада депутат Атазовдун тарапташтары акцияга чыккандарга каршы пикирин билдиришти. Алардын айтымында, чогулгандар бул митингди Атазовдун атын булгоого багытталган иш-чара деп эсептешүүдө.

Белгилей кетсек, акциянын катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун парламент жыйынында айткан сунушуна каршы пикирин билдиришүүдө.

Буга чейин депутат Шайлообек Атазов 9-июнда өткөн маалымат жыйында жаш кыздардын чет өлкөгө мигрант болуп кетишине чек коюуну сунуштаган.

Количество просмотров: 535