• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Атамбаевдин тарапташтары журналисттердин колун бууп, жулмалашты

27 Кулжа 201915:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө анын тарапташтары Next TV каналынын журналистти Жоодар Бузумовду сыртка сүйрөп чыгуу аракетин көрүштү. Окуяны видеого тартып жаткан Govori.TVнын операторун болсо, видео материалды көрсөт деп жулмалашты.

Ал эми журналисттин айтуусу боюнча ал штабдагы азыркы абалды чагылдырып жүргөн жеринен колун кайрып алып чыгып кетишкен.

“Мен өзүм дагы түшүнбөй калдым. Бул жактагы кырдаалды чагылдырып жүрсөк белгисиз киши эмне кылып жатканыбызды сурап андан соң, түшүндүрбөй эле менин колумду кайрып, сыртка бет алды. Азыр болсо качып кетти. Көрсөм тааныйым”,-деди журналист.

Бул окуяга байланыштуу, элдик штабдагы Атамбаевдин тарапташтары белгисиз адамды провокация уюштурууга келген дешүүдө.

Эске салсак, кечээ, 26-июнда да Атамбаевдин тарапташтары Govori.TVнын жана башка маалымат каражаттарынын операторунун тартып алган айрым видеолорун өчүртүп салышкан.

Количество просмотров: 31