• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Кой-Таштан Атамбаевдин унааларын алып кетишти

9 Баш оона 201917:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 9-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн унааларды мамлекеттик гаражга алып кетишти. Бул тууралуу ММК булактары жазды.

Маалым болгондой, Атамбаевдин үйүнөн брондолгон БМВ, «Лексус 570» жана «Инфинити» үлгүсүндөгү унаалар чыгарылган.

Бирок, унаалар Атамбаевдин жеке өзүнө тиешелүү экени же экс-президент катарында мамлекет тарабынан колдонууга берилгени азырынча белгисиз.

Видео kaktus.media

Эске салсак, 8-август күнү кечинде мурунку президент Алмазбек Атамбаев күч структураларына багынып берген. УКМКга алып келинген Атамбаевдин баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту тандап, 26-августка чейин камакта калтырган.

Бүгүн эртең менен Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү суракка чакырылып, Кундуз Жолдубаева коё берилсе, Фарид Ниязов убактылоо кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы 10-августта тандалмакчы.

Ал эми Атамбаевдин экс макамы Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан 27-май күнү алынган.

Количество просмотров: 32