• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевге карата чыккан өкүмдөр жокко чыкты

9 Бештин айы 2020 16:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге карата чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Мусакеевдин жактоочусу билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүн, 9-декабрда кабыл алынып, кылмыш иш кайрадан Свердлов райондук сотунун кароосуна жөнөтүлдү.

Дамир Мусакеевге мыйзамсыз баюу жөнүндө кылмыш иши козголуп, кызматта турган 2010-жылдан 2017-жылга чейин 20 миллион сомдук мүлктү мыйзамсыз сатып алгандыгы аныкталган.

2019-жылдын 24-майында Бишкектин Свердлов райондук соту Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратып, мамлекетке 70 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Дамир Мусакеев Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда анын жан сакчысы болгон.

Количество просмотров: 156