• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дамир Мусакеев мамсакчылыктан жансакчылыкка кетти

4 Чын куран 20188:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.04.2018. Govori.TV

УКМКнын төрагасынын орун басары рангасындагы 9-кызматтын жетекчиси Дамир Мусакеев өз арызына ылайык кызматынан кетти. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Дамир Мусакеев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы, 2016-жылы 1-июнда аталган кызматка жетекчи болуп дайындалган. 9-кызмат президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин жана Жогорку Соттун төрагалары өңдүү мамлекет жетекчилеринин, стратегиялык маанидеги объекттердин коопсуздугуна жооп берет.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 31-мартында Бишкекте КСДПнын курултайы өтүп, ага катышкан Дамир Мусакеевди коомчулук мамлекеттик коопсуздук кызматынын орун басарынын бир саясий партиянын жыйынына катышканы үчүн сынга алган эле.

 

Количество просмотров: 69