• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Атамбаевдин жансакчысы берген ок өтпөгөн унаалар ИИМ менен чек арачылар ортосунда талашка түштү

9 Тогуздун айы 2019 11:37 Бишкек Govori.TV

Эркин Мамбеталиев Баткенде белекке берген эки ок өтпөөчү жол тандабастары ИИМдин ички түзүмү жана Чек ара кызматынын ортосунда талашка калган. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар кабарлады.

Маалым болгондой, алгач Мамбеталиев өзүнүн короосундагы ар биринин баасы 62 миң долларды түзгөн, 2004-жылкы «CHEVPOLET-SUBURBAN» үлгүсүндөгү ок өтпөгөн (Калашников автоматы, СВД снайпер винтовкасы өтпөйт жана дөңгөлөгү да брондолгон) эки автоунаасын чек арачыларга белекке берүү сунушун айткан. Ал эми Чек ара кызматы бул сунуштан баш тартышкан. Бул маалыматты уккан Баткендеги ИИМдин ички түзүмү тарабынан унааларды аларга берүү сунушу Мамбеталиевге келтирилген. Ага макул болгон Мамбеталиев унааларын ИИМге берген. Бирок, Чек ара кызматы Өкмөткө кайрылуу кылышып жол тандабастарды кайра өздөрүнө алдырып алышкан.

Эске салсак, кечээ Эркин Мамбеталиев Баткен облусуна барып, чек арачыларга эки унаа белек кылды деген маалымат тараган. Бирок, Чек ара кызматы аларга эч кандай унаа белекке берилбегенин, ал эми жол тандабастар ИИМдин ички түзүмүнө берилгенин айтышкан. Ал эми Баткен милициясы бул туурасында маалымат таратып унааларды алар да белекке албаганын айтышкан. Алардын айтымында, милиция кызматкерлери тарабынан Э.Мамбеталиевке тиешелүү болгон эки автоунаа токтотулганы аныкталган.

Мындан улам коомчулукта «ИИМ Эркин Мамбеталиевдин белекке берген унааларын алгандан уялбай элге айткандан уялабы», — деген пикирлер айтылууда.

Кошумчалай кетсек, Эркин Мамбеталиев 2008-жылы бир канча кишинин өлүмүнө шектелип, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Бирок, 2010-жылдын апрелиндеги окуялардан кийин сот тарабынан акталган.

Количество просмотров: 1346