• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Атасынан тепки жеген баланын ден-соолугу текшерилет

4 Бештин айы 20178:45 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Баланын атасын айыптаган министр, эми апасы менен иш алып барып, кичинекей наристенин саламаттыгы ар тараптан текшериле тургандыгын айтты.

Эскерте кетсек мурдагы күнү интернетке байкоочу камеранын тасмасы жарыяланган. Ал жерде атасы музга тайгаланып жыгылыган кичинекей наристени ичке тепкени тартылып калган. Коомчулук бул видеодогу адамды таап, жазалоо талабын койгондон кийин, Улан 2 кичирайонунун тургуну кармалды.

Тепки жеген өзүнүн  эки жарым жаштагы баласы болуп чыкты. «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тасмадагы адам 48 саатка камака алынган.

Количество просмотров: 43