• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Атасын зарланткан зөөкүрлөр

1 Тогуздун айы 201818:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.10.2018. Govori.TV
Карылар бир жылда бир жолу жакшы сөздөргө маарыган менен, кыргыз коомунда карыларга карата “ашка жүк, башка жүк” мамилеси,  уламдан -улам күчөп баратканы байкалууда.
Бул карыя 2 жылдан бери Абай көчөсүндөгү карыялар үйүндө жашайт. Анын айтымында бул жерге өзү келген.
Кезинде бир канча жумуштарды аркалаган. 3 орто билимдин ээси. Учурда карылар үйүндө жашап калды.
Мындай көрүнүш бул жерде жашаган карыялардын ар биринде бар. Жакындарын уят кылуудан корунган карыялар балдарынын абийирин жаап-жашырууга аракеттенишет.
«Карыялар үйүнө ата-энесин ачык берүүдөн баш тартып, жашыруун калтырып кеткендер да кездешет»,-дейт карыялар үйүнүн жетекчиси Эркингүл Абдылдаева.
Кыргыз коомунда карысын жектеген адат күчөп баратат. Бул себептен улам айрым эл өкүлдөрү атайын чара корүү максатында, мыйзам сунуштаган. Бирок, азырынча ал мыйзам ишке ашуусунан дайын жок.

 

Количество просмотров: 14