• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Атазов башкы прокуратурада 3 саат сурак берди

30 Жетинин айы 2022 22:21 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов башкы прокуратурада сурак берди. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

«Азыр чыктым.
Башкы прокуратура 3 саат кармашты.
Биз Жогорку Кеңеште айткандан кийин териштирбей мыйзам чегинде эле өз убагында карай берсе болбойбу? Анда эмне Жогорку Кеңеште айтылбаган иштер жабылып кетип жатабы?

Али Баклан 900,000$
Азиз 120$
Жаныбек 24,000$

Бул иштер боюнча маалыматтарды алышты. Убада беришти бүгүн тундон калбай кармап келебиз деп…

Урматтуу башкы прокуратура!!!
Бир эскертуу бар, биздин агаларыбызга чыгып, Атазов суйлобой олтурсун деп коркутбай эле койгулачы!!!
Мен Аллахтан башкадан корпойм! Инсандарды сыйлайм! Болгону эл арасындагы нааразычылыктарды айтып жатабыз! Балким чындык ачуу болот! Мени элим чындыкты сүйлө деп шайлаган! Силерден кыйындарын да коргонмун! Он жыл оппозицияда жүрүп көп нерсе баштан өттү. Бийлигиңер бүгүн бар, эртең жок!»,-деп жазды.

Количество просмотров: 178