• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы суракка алып кетишти

13 Жалган куран 202610:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-мартта укук коргоочу Төлөкан Исмаилова соцтармак баракчасы аркылуу аны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери суракка алып баратканын жазды.

Ошондой эле ал фейсбуктагы баракчасына шаардык милициянын тергөөчүсүнүн тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканы тууралуу материалын жарыялаган. Анда фейсбукта Tolekan Ismailova деген аталыштагы аккаунт социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында негативдүү реакцияны жараткан маалыматтарды таратып жатканы айтылып, аккаунт ээсине карата ыкчам-териштирүү иштерин жүргүзүп, аны тергөөгө жеткирүүнү камсыз кылуу жазылган.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Төлөкан Исмаилова башка укук коргоочулар менен чогуу Бишкектин негизги аянттарында тынч жыйындарды өткөрүүгө салынган тыюу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук администрациясына каршы райондук сотко арыз берүүнү пландап жатышкан.

Количество просмотров: 250