• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чынгыз Айдарбеков сурак берип чыкты

1 Чын куран 20260:48 Бишкек Govori.TV

Парламенттин экс-депутаты Чынгыз Айдарбеков бир нече саат бою суракта болду. Сурак КР ИИМнин Мамлекеттик тергөө кызматынын тарабынан алынды.


Сурак берип ИИМдин имаратынан чыкканы тууралуу белгилүү болду.

Азырынча кайсы иш боюнча ал күбө катары өтүп жатканы белгисиз.

Буга чейин Чыңгыз Айдарбековдун айланасында парламентке кайтып келүү ыктымалдыгына байланыштуу кырдаал жаралган болчу. Куванычбек Конгантиев 10-мартта депутаттык мандатын тапшыргандан кийин талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда Айдарбеков турат. Бирок анда БШК айрым жагдайларды ТИМ аркылуу кошумча тактоо зарылдыгын айтып, мандатын тапшыруу тууралуу чечим кабыл алган эмес. Айдарбеков өзү көпкө созулган текшерүүгө таң калганын ачык айтып, анын өмүр баяны жана ишмердүүлүгү дипломатияда жана мамлекеттик кызматта иштеген жылдары бир нече жолу текшерилгенин баса белгиледи

Количество просмотров: 175