• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Атазов: Биз чиновниктер жумуштан соң пивоканага барбастан, спорт залга барышыбыз керек

4 Бугу 2023 11:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Шайлообек Атазов спортсмендер тууралуу сөз кылып, бийликти спортко көңүл буруп, каржылоону көбөтүүнү сунуштады.

Депутат камактагыларга караганда спортчулардын тамак-ашына азыраак акча бериле турганын айтып нааразы болду.

«Биз спортчулар машыккан залдарга, ошондой эле спорттук медицинага жакшы көңүл бурушубуз керек. 2008-жылы Игорь Чудинов премьер-министрлик кылып турганда документке кол коюлуп, ага ылайык, спортчулардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн каражат 83 сомду түзгөн. Бул күнүнө 250 сомдон алган абактагылардан аз. Эмне үчүн бул сумманы көбөйтө албайбыз? Биз министрлер кабинетинин башчысына кат менен келгенбиз, ал башкаларга жөнөтөт. Кошумчалай кетсек, өлкөдө бир эле спорт дарыгери бар, башка өлкөлөрдө спорттук психологдор бар. Бул тармакка көңүл буруу керек. Биз спортту даңазалообуз зарыл. Мисалы биз чиновниктер жумуштан кийин пивоканага барбастан, спорт залга барууну модага айлантышыбыз керек”, — дейт Атазов.

Количество просмотров: 55