• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Атазов: Матраимовго байланышы жок кайсы саясатчы бар?

13 Жалган куран 2024 11:22 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында Шайлообек Атазов депутаттык мандатынын алынышы, Райымбек Матраимов менен байланышы боюнча билдирүү жасады. Ал акыркы бир аптадан бери өзүнө карата каралоолор көбөйгөнүн айтып, фейк аккаунттар «Атазов митинг уюштурат экен» деген кептерди таратып жатканын жана бул калп экенин айтты.

«Ошол мандатты эки жылдан бери артымдан кууп жүрүп, башкы прокурор максатына жетти. Кара пиарды ким кылып жатат. Элдин аманатын эртең Кыяматта сураса, ошол жооп берет. Матраимовго байланышы бар деп жатасыңар, азыр аны менен байланышы жок кайсы саясатчы бар? Мен кыргыз спортун көтөрүү үчүн Матраимовго чейин да көп адам менен байланышканмын. Матраимов менен байланышы бар «майда балыктарды» эмес, эң чоң эки «китти» айтып коеюн, мына башкы прокурор, сиз үч жылдан бери прокурор болуп отурасыз, ал киши (Матраимов) чоң кылмышкер болсо, көрбөй калдыңызбы? Кечээ муфтиятты ачып жатканда эле кармабайт белеңиз?» , — деди Шайлообек Атазов.

Буга чейин Бишкектин административдик соту 2022-жылдын февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.

Количество просмотров: 78