• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Атазовду колдогондор акцияга чыккандардын плакатын айрып салды

15 Кулжа 2022 13:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-июнда Ак үйдүн алдында аялдардын укугун коргоого байланыштуу акция өттү.
Чогулгандар «Атазов, мандатыңды тапшыр!», «Кыздардын укугуна тийбе», «Биз сенин рейтингиң эмеспиз» деген ураандар менен чыгышты. Ошол эле учурда Атазовду колдогон антимитинг дагы өттү.

Депутаттын тарапташтары акцияга чыккандардын плакатын айтып салды.

Ал эми митингге чыккандар Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун парламент жыйынында айткандарына каршы болушууда.

Атазов Жогорку Кеңештин 9-июндагы жыйынында 18-20 жаштагы кыргызстандык кыз-келиндерди чет өлкөгө ата-энеси менен чогуу чыгаруу, же турмушка чыккандан кийин чыгарууну сунуштаган.

Количество просмотров: 479