Боршайкомдун алдында ачкачылык акциясын жарыялагандардын бирине тез жардам чакыртышты. Бул тууралуу Кыргызстандын коммунистер партиячсынын өкүлү Амантур Манапбаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, өзүн жаман сезген жарандын ден соолугунда көйгөйлөр бар болгондуктан медиктер ага ачкачылыгын улантууга тыюу салышкан.
«Ал өзүнүн каршылык акциясын токтотуудан баш тартты», — деп жазды Манапбаев.
Эске салсак, 14-апрелде Бишкек шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдында ачкачылык акциясын баштаган. Алар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.