• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Аткаминерлер соцтармак аркылуу калктын суроолоруна жооп берет

18 Баш оона 202216:24 Бишкек Govori.TV

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин социалдык тармактарда жума сайын берилүүчү отчётторунун башталышы тууралуу маалымдады.

Төмөндө 2022-жылдын 19-августуна карата мамлекеттик органдардын жетекчилеринин «Facebook» жана «Instagram» социалдык тармактарында расмий аккаунттары аркылуу түз эфирге чыгуу графигин сунуштайбыз:

 09:00 – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, министрдин орун басары, полковник Урматбек Муслимович Шамырканов ӨКМ ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорго жооп берет.

11:00 – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, министрдин орун басары Касейинов Кубат Үсөнкулович министрликтин жер жана суу ресурстарын башкаруу саясатына, мөңгүлөрдүн учурдагы абалы жана анын келечегине байланыштуу суроолорго жооп берет.

15:00 — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов 2022-жылдын январь-июль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө.

15:00 — Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров Калкты тейлөө борборлорунун иши, документтештирүү жана архив иши маселеси боюнча.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 14-июлунда Министрлер Кабинетинин кеңейтилген жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга  социалдык түйүндөргө түз чыгып аткарылган иштер тууралуу кыргызстандыктарды маалымдоону тапшырган.

Количество просмотров: 108