• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аткезчилик менен ташылып бараткан 4 тонна жер семирткич алынды

24 Бугу 2022 9:01 Бишкек Govori.TV

Аткезчилик жол менен минералдык жер семирткичтерди ташып келүү ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 30-апрелинде Кулунду айыл аймагынан Тажикстан Республикасы көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу К.Ж.И. аттуу КР жараны кармалган.

«Текшерүү учурунда жогоруда аталган унаанын бортунан Казакстандан Республикасынан чыгып, коңшу мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүлүүчү, жалпы көлөмү 4 тоннаны түзгөн, ар бири 50 кг болгон 80 кап минералдык жер семирткич (селитра) табылган. “Эксперт Баалоо” ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, табылган товардын орточо базар баасы 152 миң сомду түзөт»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча материалдар Маалыматтык каттоо журналына катталды. Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 70