25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири Сюита Аттокурова 40 жашта, 2 баланын энеси.
«Нарын мамлекеттик университетинде окутуучумун. Мындан тышкары коомдук уюмдарда аялдардын укуктарын үйрөтүү боюнча тренер, экспертмин. Кыйындын окутуу-иш чарасына 3-жолу тапшырып өттүм. Аялдардын потенциалын көтөрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк экен»,-деди ал.