• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш”. Министр Бекмурзаев кайрылуу жасады

13 Аяк оона 2022 22:30 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура козгогон эки кылмыш иши жөнүндө кабардар болсоңуздар керек. Кылмыш иштеринин экөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде экен. Бирок мунун баарын менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептейм. Бул туурасында энергетика министри Доскул Бекмурзаев социалдык тармактагы баракчасына жазып, коомчулукка кайрылуу жасады.

Кымбаттуу кыргызстандыктар! Сиздерге кайрылып жатканымдын себеби, сиздер мени колдоп келгенсиздер, азыр деле таянычым болуп кала бересиздер! Министрликти башкаруу оңой иш эмес. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин мага берген тапшырмасы — көптөгөн жылдар бою өлкөнүн сапатсыз башкарылып сазга баткан экономикалык секторуна олуттуу реформа жүргүзүү болгон. Аталган тармактын иши көптөгөн жылдар бою туура эмес жүргүзүлгөн. Мындай шарттарда жемкорлук иштери гүлдөп, анын кесепетинен кыргыз эли жапа чегип келген. Өтө жоопкерчиликтүү бул кызматка келүү менен мен жаңы жаркын келечекке жол баштап, энергетика тармагын модернизациялоого бар күчүмдү жумшагам. Аталган секторду ирээтке келтирүүгө болгон аракетим жана андагы чоң өзгөрүүлөр көмүскөдө калып калбайт деп ишенем. Мунун баары айрым бирөөлөргө жакпагандыктан, кээде кайсы бир таасирдүү адамга бут тосуулар болуп, кээде мунун айынан бир нече адамдын же бир топтун кызыкчылыгы тебеленет тура. Мен бул жолдун татаал болорун билгем жана ою жаман адамдарды басып өтөм деп ишенем! Бул тоскоолдуктар мени токтото албайт! Анткени, менин улуу максатым — өлкө менен кыргыз элинин бакубат жашоосу. Акырында айтарым, биз жапа тырмак көп ийгиликтерге жеттик. Ал эми алдыда болсо андан да көп милдеттер турат. Мен муну менен жеңилип отуруп калбастан, Кыргызстаным үчүн ишимди уланта берем!”— деп жазды ал.

Башкы прокуратура Бекмурзаевге «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» байланыштуу эки кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Анда министр тармакта адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын кетиргени, курулуш иштеринде 15 млн. сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Количество просмотров: 5013