• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Атырауда суу ташкында дайынсыз жоголгон ата-баланын сөөгү табылды

15 Чын куран 2024 11:33 Бишкек Govori.TV

Атырау облусунун Күлсары шаарында 6-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 48 жаштагы Болатбек Ермекбаевдин сөөгү табылды.

Маалыматты Казакстандын чукул кырдаалдар штабы ырастап, саат 13:40 чамасында анын 24 жаштагы уулу Асылхандын да сөөгү табылганын маалымдады.

Болатбек Ермекбаев уулу Асылхан менен чогуу 6-апрель күнү суу алдында калган үйүнөн кабар алганы кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. ӨКМ аларды издөө иши жүрүп жатканын билдирген. Бирок туугандары издөө иштери начар жүрүп жатканына даттанышкан.

ӨКМ суу баскан аймактардын тургундарын эвакуация жайларынан өз алдынча кетпөөгө, суу алдында калган үйлөрүнө барбоого чакырууда.

Күлсары шаарында 7-апрелде да эки адамдын сөөгү табылган. Алар дагы суу басып калган үйүнөн кабар алганы барып, жол кырсыгына кабылган.

Актөбө облусунда 10 жаштагы бала сууга чөгүп кеткен.

Абай облусундатөрт кишинин дайыны табылбай жатат. Карагаш айылында эки киши сууга агып кеткен.

Айгыз кыштагынын 47 жаштагы тургуну Адилжан Кулкаев жана дагы бир 23 жаштагы адамды сел алып кеткени кабарланууда.

66 миң эли бар Күлсары шаарын Жем дарыясынан ташыган суу каптаган. Учурда Күлсары шаары жана Атырау облусу суу ташкындын экинчи толкунун күтүп жатат.

Орусиядан агып келген Урал дарыясы ташыйт деген коркунуч бар.

Количество просмотров: 875