• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

«Авангард-Стройдун» жетекчиси камакка алынды

21 Бугу 201917:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.

Нарын облусунда мектептин курулушун толугу менен бүтүрбөгөн курулуш компаниянын башкы директору менен капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандарга мамлекетке чыгым келтирди деген айып коюлууда.

Жумгал районуна караштуу Ак-Татыр айылындагы мектептин курулушу 2016-жылдын ноябрында аякташы керек болчу. Ага чейин Нарын облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгы жана «Авангард-Строй» ЖЧК тендердин жыйынтыгы менен келишим түзүшкөн. Долбоор 64 миллион 844 миң сомго бааланган. Бирок, курулуш компаниясы мектептин курулушун бүтүргөн эмес.

Мамлекетке келтирилген чыгым 8 миллион 143 миң 716 сомду түздү.

Количество просмотров: 21