• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Авариялык мектептер. Окуучулар айылдагы үйлөрдө окушат

24 Баш оона 2022 16:04 Бишкек Govori.TV

Балдар билим алганда коопсуздугуна коркунуч жараткан имараттар пайдаланылбайт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин китеп басып чыгаруу, мектепте окутуу саясаты боюнча башкармалыктын жетекчиси Самаркүл Умралиева «Sputnik» агенттигинде өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымына караганда, июль-августта министрликтин кызматкерлери жеригиликтүү бийлик менен биргеликте имараттарга кароо жүргүзүп, мониторинг жасашкан.

«Балдар билим алганда коопсуздугуна коркунуч жараткан имараттар колдонулбайт. Булардын саны көп эмес. Андыктан бир катар аймактарда авариялык абалда турган имараттар боюнча ӨКМдин бүтүмү бар. Анткен менен балдарды жайгаштыруу керек. Билим берүү процесси үзгүлтүккө учурап калбаш үчүн айыл өкмөттөн ижарага алып окууну жүргүзүп жаткан мектептер бар. Кенже класстын окуучулары үчүн айылдагы үйлөр да колдонулууда», — деген ал.

Умралиева былтыр мектеп жана бала бакча имараттарынын коопсуздугу боюнча бир нече чатактар болгондугун кошумчалады.

«Мындай бешке жакын учур бар. Көпкө жаап туруп алган жамгырдан улам Аксы районунда мектептин чатыры ураган. Жети-Өгүздө сабак учурунда шыптан тамчы тамган учур кездешкен. Быйыл балдар мындай жайларда окубайт. Коопсуздук эрежелери катуу сакталат», — деген Умралиева.

Министрликтин өкүлүнүн айтымында, Кыргызстан боюнча билим берүү системасында авариялык абалдагы 245 имарат бар.

Количество просмотров: 197