• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Август конференциясы Бишкекте өттү

28 Баш оона 202414:21 Бишкек Govori.TV


Бишкекте борбор калаанын билим берүү департаменти “100 жыл билим: трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор” темасында жыл сайын өтүүчү август педагогикалык конференциясын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, вице-мэр Виктория Мозгачева, Билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева, мектеп жана бала бакчалардын директорлору, Санкт-Петербург жана Красноярск шаарларынан келген адистер катышты.

Конференцияда билим берүүнүн жыйынтыктарына коюлган заманбап талаптар, кызматкерлердин квалификациясын жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарылчылыгы, электрондук мектеп системаларын, ошондой эле билим берүү тармагында STEM технологияларды колдонуу боюнча бир катар докладдар окулду.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын алкагында, борбор калаанын билим берүү түзүмүнө 121 мектеп жана 111 бала бакча кошулду. Анын ичинен 12си адистештирилген, алтоо мектептен тышкары уюмдар.

2024-2025-окуу жылында 230 миңден ашык бала мектеп босогосун аттайт.

Количество просмотров: 90