• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Avia Traffic” компаниясы Ош-Москва багытындагы эки каттамын токтотту

1 Тогуздун айы 2018 14:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.10.2018. Govori.TV
“Avia Traffic” компаниясы учак жетишпей жатканына байланыштуу Ош-Москва багытындагы эки каттамын токтотту. Бул тууралуу Ош аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-октябрда №741 жана 747 каттамдар учпай калган. Жүргүнчүлөр кийинки каттамдарга которулууда. Каттамдар токтотулары тургандыгы жөнүндө жүргүнчүлөргө алдын-ала маалымат берилген эмес. Алар бул тууралуу аэропортко келгенде гана билишкен.
Компаниянын жетекчиси Алик Аскаровдун айтымында, каттам жадыбалы жарым жыл мурда түзүлгөндүктөн канча жүргүнчүгө билет сатылганы тууралуу маалымат белгисиз.
Белгилей кетсек, 30-сентябрда да «Ош» аэропортунан Москвага уча турган “Avia Traffic” компаниясына таандык учактын дөңгөлөгү жарылып, каттам кийинкиге жылдырылган.
Кыргызстандын авиация эрежелерине боюнча, учак компаниялардын күнөөсү менен учпай калганда же кечиккенде жүргүнчүлөргө компенсация төлөнөт же башка талаптар аткарылууга тийиш. Төрт сааттан ашык кечигүүдө билет баасынын 10%, сегиз сааттан көп кармалган учурда 25% кайтарылып берилиши керек.
Количество просмотров: 12