• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Авиакырсыка бир жыл толот

5 Үчтүн айы 2018 11:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.01.18 Govori.ТV

Ааламат 16-январь күнү таңга маал болду. Айрым үйүнөн эрте чыгып кеткендер бул күнү аман калды. Ал эми жылуу төшөктө, таттуу уйкуда  жаткандар жана короосунда мал жайлап, тирчилик кылып жүргөн боордоштор үчүн бул акыркы аткан таң болду.

Асмандан келген апаат бир заматта 35 жарандын өмүрүн алып кетти. Андан сырткары учактагы  4 Туркиянын жараны мерт кетти.

Кырсыка кабылгандарды сактап калуу үчүн өкмөт колунан келген ишти жасады. Ыкчам штаб түзүлдү. Албетте кемчиликтер дагы болбой койгон жок.

Кырсык кыргыз элин болуп көрбөгөндөй бириктирди. Бир заматта боордош, бир тууган кылып койду. Ар бир мекендеш аз болсо дагы жардам бергенге умтулганын карап отуруп, кыргыз эли чындыгында боорукер эл экенине көпчүлүк ынанды. Жабыркагандарга жылуу кийим, тамак аштан сырткары, атайын ачылган эсепке 100 млн 499 миң 300 сом чогулду.

Авиакырсык болгон жерге ошол учурдагы Президент барбай койгону көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты. Бир көпүрө же спорт зал ачылса, же аскер кызматкерлерине үй тапшырыла турган жерге жетип барып, ар кайсыны сүйлөгөн Алмазбек Атамбаев, коомчулук канча басым жасаса дагы, көгөрүп барбай койду. Он күн өткөндөн кийин гана өзү отурган резиденцияга чакырып, көңүл айтымыш болду.

https://www.youtube.com/watch?v=9g6EJeKP-Pg

Ал эми БОИНГ 727 жана анын ичиндеги  80 тонна жүк өзүнчө чоң маселе. Кырсык болгон күндөн тарта эле Өкмөттүк комиссия жүктүн ээси ким экендигин ачык айтпай койду.

Так маалымат жок болгондуктан ар түрдүу күмөн ойлор, ушак-айың кептер пайда болду. Мындай кептер төгүндөлбөгөн соң, эл андай сөздөргө чындап ишене баштады.

Өмүрбек Текебаев камалгандан кийин “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү  Түркиянын  атайын кызматынан кагаз келгенин айтып чыгышты. Ал жерде кырсыка кабылган учактын ичиндеги жүк Алмазбек Атамбаевге таандык экендиги жазылган экен.

Бул маалымат тарагандан кийин Президенттин аброюн коргогон Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын юристерин сотко берди. Учурда Таалайгүл Токтакунова менен Канат Азизке 5 млн сомдон айып салынып, үй-жайы, айлык акысы камака алынып, өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынды.

Гуманитардык жардам адилеттүү бөлүнбөгөндүгүнө нааразы болгон Дача СУ айылынын тургундары бир нече жолу митингке чыгышты.

https://www.youtube.com/watch?v=B2fpr-32mWc

Алардын таламын талашкан жарандык активист Мавлян Аскарбековго дагы кылмыш иши козголуп, азыр сот процесстери жүруп жатат.

Азыр кырсык болгон Дача СУ айылында курман болгондордун элесине арналып, эстелик тургузулууда. Жылдыгына карата эстеликтин ачылышы болоору айтылууда.

Количество просмотров: 31