• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Аврора» санаторийинен уулангандардын саны 24 адамга жетти

11 Бугу 2018 15:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек 11.05.18

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады. Кечээ Чолпон-Ата шаардык ооруканасына дагы эки бейтап туштү. Алардын бири ашпозчу болсо, экинчиси ошол ашканада иштеген аял экен. Буга чейин алар ооруканага жаткандан баш тартып жатышкан.

Башында 22 адам ууланганы тууралуу маалымат тараган. Алардын ичинде Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугуна келген чет элдик спортчулар. Сегизөө 8-май күнү ооруканадан чыгарылган. Райондук санэпидем көзөмөл борбору иликтөө иштерин жүргүзуп жатат. Азырынча жыйынтык чыга элек.

 

Количество просмотров: 22