Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу Карыбек Дүйшеев Конституциялык соттун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды.
Аталган маселе боюнча президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Нурлан Бообеков маалымат берди.
Ага ылайык, Карыбек Дүйшеев ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу Конституциялык соттун судьясынын кызмат ордунан бошотулду.