• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Автобуста газ баллону жарылып, төрт киши жаракат алды

16 Тогуздун айы 2023 16:57 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Мубарек районунда жүргүнчү ташыган автобуста газ баллон жарылып, төрт киши жаракат алды. Бул тууралуу 16-октябрда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 15-октябрь күнү саат 16:50дө «Карши-Бухара» трассасынын Мубарек районундагы бөлүгүндө болгон. Жүргүнчү ташып бараткан ISUZU үлгүсүндөгү автобуста газ баллон жарылып кеткен.

«Жыйынтыгында төрт киши орто жараат алып, райондук ооруканага жеткирилди. Калган жүргүнчүлөргө амбулатордук жана психологиялык жардам көрсөтүлдү. Кырсыкта эч ким каза болгон жок», – деп жазылган ӨКМдин билдирүүсүндө.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө тараган видеотасмаларда жарылуудан бир киши каза болуп, дагы бири жаракат алганы айтылган. Кийин бул маалымат расмий түрдө төгүндөлдү.

Количество просмотров: 1216