• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эл Ысык-Көлгө кете албай убара. Мэрия автобустарды каттамга чыгарды

2 Бугу 202514:54 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги жаңы автобекетте экинчи күндөн бери адам көп болуп жатат. Көбү Ысык-Көл облусуна кете албай жатканы кабарланды.

Айтылгандай түндүк тараптагы жолдорду оңдоого байланыштуу көпчүлүк айдоочулар түштүк багытты менен жүрүүнү тандашкан. Жүргүнчүлөр маршруттук каттамдарды сааттап күтүшүүдө.

Ошондой эле Бишкектен Караколго жол кире баасы 200 сомго кымбаттаган. Мурда эл 500 сомдон кетсе, азыр 700 сомдон кем эмес болуп жаткан. Ал эми айдоочулар баанын көтөрүлүшүн артка кайтканда дээрлик бош кабина менен келип жаткандарын айтып түшүндүрүшүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 1-майда өлкөнүн түндүк аймактарында каттаган каттамдарда ушундай эле кырдаал катталган. Андан соң Бишкек мэриясы «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынан он автобусту ишке чыгарды. Бүгүн жүргүнчүлөр кайрадан муниципалитеттен жооп күтүп жатышат.

Белгилей кетсек, кыргызстандыктар 1-майдан тарта 12-майга чейин эс алууда.

Количество просмотров: 544