Бишкекте №226 автобуста контролерго кол салуу болгон.
Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жүргүнчү башка бирөөнүн «Тулпар» льготалык картасын колдонгон. Аны аныктаган контролер жүргүнчүдөн картасын алып коюуну чечкен, ошондо жүргүнчү контролерге кол салган.
Тараган видеодо көрүнүп тургандай, контролер милиция чакырам деген соң, жүргүнчү автобустан түшүп кеткен.
Иш укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.