Муниципалдык автобустарда мыйзам бузуулар аныкталууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада муниципалдык автобустарда 30 контролер иштеп, жол кире акысын көзөмөлгө алышууда.
«Айдоочулар талонду беришкен эмес же жүргүнчүлөр мурда колдонгон талонду жаңы талон катары өткөрүп беришкен. Мындан тышкары, башка адамдын жеке жеңилдетилген карточкаларын жана кызыл “Тулпар” карточкаларын мыйзамсыз колдонуп жүргөн 100дөн ашык жүргүнчү аныкталып, карточкалар контролерлор тарабынан алынган»,-деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, контролерлор күн сайын башка адамдардын карточкасын колдонуп жүргөн 15ке жакын жүргүнчүнү аныктаган.