• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Автобустарды дезинфекциялоо сасык тумоо басаңдагыча уланат

9 Үчтүн айы 2019 13:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.01.2019. Govori.TV

Коомдук транспортторду жумушка чыгардын алдында дезинфекциялап жатышат. Мындай көрүнүш калаадагы сасык тумоо басаңдагыча уланат. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

«Сасык тумоону алдын алуу максатында каттамга чыгаардын алдында ар бир коомдук транспорт атайын кошулмалар менен тазаланып, дезинфекцияланып турат. транспорттун кармагычтары, отургучтары жана рульдарынан бери нымдуу чупүрөк менен сүртүлөт»-деп жазылат маалыматта.

Шаардагы автобустар токтогон жерден дагы трнспорттордун ичи тазаланып тураары айтылды.

Количество просмотров: 23