Бишкектеги Ош базары убактылуу жабылат. Бул тууралуу 10-июнда вице-мэр Азиз Алымкулов билдирди.
Анын айтымында, коронавирус табылганына байланыштуу базар дезинфекциялоого качан жабылары жакында белгилүү болот.
“Ош базарында да чыкты. Аз күндө ал боюнча маселе көтөрүлөт. Базарларга, чоң соода борборлоруна эскерте кетет элем – эгерде вирус силерде табылса, биз аргасыздан жабууга милдеттүү болобуз жана жабабыз. Ош базары качан жабылып, качан ачылары тууралуу маселе чечилип жатат»,-деди Алымкулов.