• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте троллейбустар дезинфекцияланды

8 Кулжа 2021 17:42 Бишкек Govori.TV

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери жана “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын медициналык кызматкерлери “Бишкек троллейбус башкармалыгынын” аймагын толугу менен дезинфекциялады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын маалыматына ылайык, бардык кеңселер, коридорлор, башкаруу бөлмөлөрү жана троллейбус салондору атайын тазалоочу аралашма менен тазаланды.

Белгиленгендей, иш-чара аталган кызматтын кызматкерлери менен айдоочуларынын арасында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга багытталган. Акыркы күндөрү күчөтүлгөн режимге байланыштуу троллейбустарда жүргүнчүлөрдүн саны кескин көбөйдү.

Эскерте кетсек, Бишкек троллейбустарынын иши тууралу 0500933191 номерине байланышсаңыздар болот.

Количество просмотров: 88