• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Автоээнбаштык жасаган айдоочу айыпка жыгылды

23 Чын куран 20259:07 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда автоээнбаштык жасаган айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Белгиленгендей, социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунда автоээнбаштык жасаган унаа тууралуу видео тараган.

Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун жол тескөөчүлөрү аталган унааны таап, айдоочусуна 15 миң сом айып салып, унаасын айып короо жайына токтотушту.

Количество просмотров: 181