• Дүйшөмбү 13 Теке 2026
  • Понедельник 13 Июль 2026

Бишкекте автобус 9 жашар баланы тебелеп кетти. Айдоочу кармалды

13 Теке 202614:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өлүмгө алып келген жол кырсыгы боюнча шектүү кармалды.

Жол кырсыгы 13-июлда эртең мененки саат тогуздар чамасында болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, Б.М. аттуу айдоочу автобусту башкарып, Жаш Гвардия бульвары менен түштүк багытта бара жаткан, ал Рыскулов көчөсүнө бурулуп жатканда жолдон өтүп бара жаткан 2016-жылы туулган А.М. аттуу баланы сүзүп кеткен.

Бала жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, автобустун айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 47