• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Автотетик сатуучу кампадан өрт чыкты

1 Үчтүн айы 202614:52 Бишкек Govori.TV

1-январь түнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районудагы Патрис Лумумбы көчөсүндөгү автотетик сатуучу кампадан өрт чыккан.

Маалымат түшөрү менен өрттү өчүрүүгө саат 05:05те Ленин районунан 2, буга кошумча Биринчи Май районунан 2, бөлүм, Свердлов районунан 1 күжүрмөн эсеп тартылган.

Жерин жалпы 5 күжүрмөн эсеп, штаб иштеп, өрт саат 07:13тө толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоо болжол менен 350 чарчы метрди кучагына алган. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Теги:
Количество просмотров: 166