• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Автоунаа менен шугулданган алдамчы кармалды

13 Бугу 2018 16:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.05.2018. Govori.TV
Бишкекте алдамчылык менен шугулданган адам кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Анда белгилүү болгондой, милиция март айында шаардык жаран кайрылып, «Э» аттуу адам 3 «Lexus LX 470»  авто унаасын алып келип берүүнү убада кылып, 44 миң 225 АКШ долларын алган боюнча жашырынып жүргөнүн арызданган.

Бул боюнча, КЖКнын 166- беренеси(Алдамчылык) боюнча кылмыш иши ачылып, издөө иликтөө иштери башталган.

Натыйжада, Биринчи май райондук РИИБиси  1989-жылы туулган «Р. Э» аттуу жаранды кармашкан. Көрсө, анын үстүнөн ондон ашык жаран ушул сыяктуу эле алдамчылыгы үчүн кайрылып, ал 30дан ашык алдамчылык иштерине катыштыгы бардыгы ачыкка чыккан. 

Учурда ал камакка алынып, Биринчи май РИИБи бул алдамчы жаран боюнча арыз кайрылуулар болсо төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөт.

 0(551) 102-236, 0(555) 600-689, 0(551) 102-808, 0(553) 21-44-21.

Количество просмотров: 9