Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районунун акиминин үстүнөн түшкөн арыз боюнча парламент жыйынында айтып берди.
Депутат билдиргендей, ага акимчиликтин аппарат жетекчиси кайрылган.
«Сен аялсың, мага эркек керек деп жумуштан кет деп жатыптыр. Эми аял деп кетиргенге болбойт, жумуш иштей албайсың десин, кечигесиң десин, бирок аял деп кетирген болбойт», — деди ал.