• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Аялдар кыймылынын 100 жылдыгына карата 100 аялдын окуясы» медиа кампаниясы башталды

18 Тогуздун айы 202421:42 Бишкек Govori.TV

1924-жылдын 14-октябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө токтом кабыл алынган. Бул күндөрү бүткүл өлкө боюнча азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусунун олуттуу учуру болгон маанилүү күндүн 100 жылдыгын белгилеп жатат.

Ал эми 2025-жылы Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 100 жылдыгы белгиленет. Бул күн 1925-жылдын март айында 105 делегат катышкан дыйкан, батрак жана чарбачыл аялдар биринчи съездинин күнү боюнча белгиленет.

Мыйзамдуулук демилгелеринин аялдар альянсы Кыргызстандын заманбап лидер аялдарынын бейформал бирикмеси, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү аялдарга арналган «Аялдар кыймылынын 100 жылдыгына — аялдын 100 окуясы» аттуу медиакампанияны 14-октябрда баштаган.

Кампаниянын максаты — тилектештиктин маанилүүлүгүн жана эзелтен келе жаткан салтын таанып, Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү аялдардын салымын көрүнүктүү кылуу болуп саналат.

Количество просмотров: 230