• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ИИМдин 100 жылдыгына экс министрлердин баары Кутуевден баштап, Конгантиевге чейин чакыртылды

4 Тогуздун айы 2018 12:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.10.2018. Govori.TV

ИИМдин Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл болду.

Бүгүн 2018-жылдын 4-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин актовый залында кылмыш иликтөөнүн 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, министрдин орун басарлары, Жогорку Кеңештин депутаттары, ИИМдин КМКнын жетекчилиги, “Кыргыз Республикасынын Генералдар клубунун” төрагасы Садырбек Дубанаев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, милициянын ардагерлери жана чакырылган коноктор катышышты.

 

Ички иштер министринин буйругу менен ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кесипкөйлүүлүгү, эрдиги жана кылмыштарды бетин ачууда жогорку жыйынтыктарды көрсөткөндөрү үчүн Криминалдык милиция кызматынын бөлүмдөрүнүн 100дөн ашуун кызматкерлерине министрликтин сыйлыктары тапшырылды, ошондой эле милициянын ардагерлерине медалдар, төш белгилер жана Ардак Грамоталар ыйгарылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугу үчүн кызматтык милдеттерин аткарып, кылмышкерлерди кармоо учурунда каза болушкан кесиптештерин эскеришти. Алардын үй-бүлөө мүчөлөрү менен жубайларына белектер менен акчалай сыйлыктар тапшырылды. Кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чара атайын даярдалган концерт менен аяктады.

Милициянын эл менен байланышын бекемдөө, элдин ишенимине ээ болуусу да бүгүнкү ИИОнун реформалоонун бир өзөгү катары колго алынууда. Себеби, коомчулук менен милиция биргелешип иш алып барганда гана кылмыштуулукту ооздуктап, өлкөдө үлгүлүү тартипти камсыз кылууга боло тургандыгы акыркы ачык айкын көрүнө баштады. Мына ушул алкактан алып караганда Кылмыш иликтөө кызматынын өкүлдөрү зор салым кошууда.

 

 

Количество просмотров: 34