• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Аялдардын пенсия курагын жогорулатуу сунушталууда

11 Чын куран 2022 13:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети тарабынан уюштурулган Пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга карата милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өтүүдө.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов баштаган тиешелүү министрликтердин, жарандык коомдордун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаеванын айтымында, Кыргызстанда пенсионерлердин 70 пайызы аялдар, башка өлкөлөрдө аял-эркегине карабай баары бир куракта пенсияга чыгышат.

«Айымдардын жашоо курагы эркектерге караганда көбүрөөк. Алар эртерээк пенсияга чыгышат. Башка өлкөлөр эркектер менен аялдардын пенсияга чыгуу курагын теңеп коюуда. Мисалы, Европада баары эле 65 жаштан чыгат. Казакстан дагы этап-этабы менен өтүп жатат, Россия мамлекеттик кызматкерлерден баштады. Биз азыр теңөө жөнүндө сөз кылган жокпуз, жок дегенде эки жылга узартып, 58 жаштан 60ка көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Чынын айтайын, мамлекеттик кызматта эч ким пенсияга кеткиси келбейт. Айымдар 58 жашында да жаш эле», — деди Жуматаева.

Ал эми Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова электр энергиясы үчүн компенсация төлөө ченемин жаңы пенсия чектөөдө жоюу сунушу катаал кадам экенин белгилеп: “Муну менен катар иштеп жаткан пенсионерлерге пенсиянын базалык бөлүгүн бербөөнү сунуштап жатасыңар. Бул туура эмес. Аларды конституциялык укугунан чектөөгө кандай акыңар бар. Андыктан ар бир сунушту негиздеп бергиле”, – деди.

Количество просмотров: 1295