• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылы президенттин жообуна канаттанган жок

6 Теке 202211:23 Бишкек Govori.TV

«Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылы президенттин жообуна канаттанган жок. Бул тууралуу аталган кыймылдан билдиришти.

Алардын айтымында, өлкө эки жылдан бери балдарга карата зомбулукту токтотуу боюнча аракеттер планысыз жана төрт жылдан бери – балдар үчүн юстиция мамлекеттик программасыз жашап жатат.

Төмөндө кайрылууну өзгөрүүсүз беребиз:

Урматтуу Садыр Нургожоевич,

«Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылы Сиздин жообуӊузга канааттанган жок, тилекке каршы биз аялдарды жана балдарды коргоо өлкө үчүн, өлкө башчысы үчүн, ошондой эле ар бир министр үчүн эӊ биринчи катардагы милдет деп эсептелбей жатканын көрүүдөбүз. Алсак, мамлекет башчысы катары кызматка киришкенден бери сиздер тарабынан институционалдык деӊгээлде дагы, стратегиялык деӊгээлде дагы конкреттүү жана натыйжалуу чаралар кабыл алынган жок. Өлкө эки жылдан бери Гендердик теӊ укуктуулукка жетишүү боюнча улуттук стратегиясыз (ГТЖУС) жана ага карата Улуттук плансыз (УАП) жашап жатат. ГТЖУС жана УАП долбоорлору иштелип чыккан жана узак убакыттан бери Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинде жатат.    

КРнын Министрлер кабинетинин түзүмү өзгөргөндөн бери Аялдардын иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеӊештин бир дагы жыйыны болгон жок.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши (КР ЖК) Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин демилгеси боюнча 2022-жылдын июлунда мыйзамсыз чечим кабыл алды: КРнын ЖКнын токтому менен парламент тарабынан үч окууда кабыл алынган Балдар жөнүндө кодекстин жаӊы редакциясы артка чакыртылды. Балдар жөнүндө кодекстин жаӊы редакциясы балдарды зомбулуктун бардык формаларынан коргоонун натыйжалуу механизмдерин камтыйт, ошондой эле социалдык кызматтар жана мигрант ата-энелердин балдарына мониторинг жүргүзүү аркылуу биздин балдарыбыздын коопсуздугун камсыз кылмак. Сиз 2021-жылдын декабрь айында журналисттер менен жолугушуу учурунда Балдар жөнүндө кодекстин жаӊы редакциясына кол коё тургандыгыӊыз жөнүндө элге ачык сөз бергенсиз, бирок бул тилекке каршы ушуга чейин ишке аша элек. Өлкө эки жылдан бери балдарга карата зомбулукту токтотуу боюнча аракеттер планысыз жана төрт жылдан бери – балдар үчүн юстиция мамлекеттик программасыз жашап жатат.     

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине (ЭСКММ) республиканын бардык райондорунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну уюштуруу үчүн социалдык кызматкерлердин 500 бирдигин бөлүүгө, калкка маалымат берүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө 25 млн.сом бөлүүгө сөз берилген. Бирок бул суроо бүгүнкү күнгө чейин чечилген жок. ЭСКММнын Гендердик саясат боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кадрлары дайыма кыскартууга кабылышууда. Эмгек жана социалдык камсыздоо, миграция министрлигин Саламаттыкты сактоо министрлигине кошкондон жана кайра бөлгөндөн кийин, ЭСКММнын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоону координациялоо функциясын бекитүү жөнүндөгү  ченемдик документ кабыл алынган жок.

Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамында көрсөтүлгөндөй үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн оӊдоп-түзөө программасы толук иштебей келет. Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар үчүн  бир гана муниципалдык борбор иштейт. Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу мамлекеттик ТВ, радио каналдардын, билим берүү системасынын, Маданият министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндө артыкчылыкка ээ эмес. Жакырчылык, жумушсуздук, эмгек миграциясы, алкоголизм, наркомания, лудомания сыяктуу социалдык көйгөйлөр үй-бүлөлөрдөгү зомбулук тобокелчилигин жогорулатууда.

Мына ушундай жагдайда, вице-премьер-министр жана премьер-министр ММКны биздин өлкөнүн беделин түшүрбөө жана туристтерди коркутпоо үчүн аялдарга жана балдарга карата зомбулук жөнүндө маалыматтарды чыгарбоого чакырды. Буга жооп катары белгилей кеткибиз келет, зомбулук көйгөйүн чечүү үчүн аны таануу, талкуулоо жана коомдун бардык секторлорун тартуу менен аны чечүүнүн үстүнөн иштеш керек. Аялдар жана балдар үчүн алар өз күйөөлөрүнөн, ата-энелеринен коркпой жашаган, көчөгө  тынчсызданбай баса турган коопсуздукту камсыз кылуу зарыл, ошондо гана ММКдагы  басылмаларга сарсанаа болбой эле койсо болот. Коопсуздук жана мыйзамды туу тутуу инвестициялык климатты жана туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү критерийлер болуп эсептелет.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, биз «Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылы сиз менен жолугушууну күтөбүз!

Количество просмотров: 316