• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Аялы менен урушуп кеткен жаран 3 баласын өлтүрүп, өзүнө бычак сайды

19 Кулжа 2023 9:06 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Самарканд шаарынын 36 жаштагы тургуну Израилде иштеп жүргөн аялы менен телефондо урушуп кетип, эки кызын жана уулун бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тургун 10, 12 жана 13 жаштагы балдарын өлтүргөндөн кийин бычак менен өзүн жүрөк тушка сайган. Ал ооруканага жеткирилип, учурда реанимация бөлүмүндө жатат.

Бул факты боюнча «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Количество просмотров: 864