• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Аялынын өлүмүнө айыпталган мурдагы министрдин камактагы мөөнөтү узартылды

12 Үчтүн айы 2024 9:17 Бишкек Govori.TV

Казакстанда аялынын өлүмүнө айыпталып жаткан мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин камактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Бул тууралуу мамлекеттик Kazinform агенттиги кабарлады.

Экс-министрдин бөгөт чарасын Астананын райондор аралык тергөө соту 9-январда карап, аны 9-мартка чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Өткөн жумада казак басылмалары Бишимбаевдин иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн кабарлашкан.

44 жаштагы мурдагы экономика министри аялы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталууда. Тергөөнүн маалыматына ылайык, 31 жаштагы аялы күйөөсүнүн ур-токмогунан улам каза болгон. Экс-министр былтыр ноябрда камалган. Эгер ал тагылып жаткан айып боюнча күнөөлүү деп табылса 15 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы ал коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылордо айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн 1 миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылып, 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Салтанат Нукенованын өлүмү Казакстанды нес кылып, коомчулук бийликтен зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылууда.

Количество просмотров: 118