• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Аянттагы концерт: Тыгылган эл, ата-энесинен адашкан балдар

31 Баш оона 202421:38 Бишкек Govori.TV

Ала-Тоо аянтына концерт көрүүнү каалаган адамдардын саны көп болгондуктан кошумча милиция кызматкерлери тартылды.

Бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган чоң майрамдык концерт өтүп жатат.

Айрым жарандар чыр салгандыктан милиция кызматкерлери кармап кетүүгө мажбур болушкан.

Ал эми айрым адамдар көпчүлүктө аба жетишпей эсин жоготуп, өздөрүн жаман сезишкен. Аларга биринчи жардам көрсөтүлдү.

Бул арада ата-энесинен адашкан балдардын саны арбыды.

Количество просмотров: 567