• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Айлан көчөк кадлар, оңтойсуз анекдот же Улуттук банкты 49 жылга ижарага берсекпи?

21 Бештин айы 201710:17 Бишкек Govori.TV

Бийликтин кадр саясатына башка эмес ошол бийликчил партиянын өкүлдөрүнүн өзүлөрү түшүнбөй, баштары маң болуп жатыптыр.

Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер министр болуп, вице-премьер-министр болуп жарытылуу эч нерсе жасаган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин жыйынында айтты

“ Сиз «марихуананы» мыйзамдаштыралы деген  анекдотуңуз менен эле белгилүү болдуңуз. Мен бийликтин кадр саясатына тап-такыр түшүнгөн жокмун. Андан көрө силер Улуттук банкты 49 жылга ижарага берип салбайсыңарбы? Силер айлан-көчөк болуп эле кайра-кайра айланып келип жатасыңар. Биз сизди чоң үмүт менен биринчи вице-премьерлик кызматка бекиткенбиз. Сиз болсо гүлдөн-гүлгө конгон көпөлөктөй болуп эле кайра келесиз деди,-КСДП фракциясынын депутаты Рескелди Момбеков.  

Эскерте кетсек Толкунбек Абыдгулов Улуттук банктын төрагасы болуп турганда, Кыргызстанды туристердин бейишине айлантыш үчүн маңзат сатууну мыйзамдаштыруу керектигин айткан эле.

Количество просмотров: 48