«Былтыр Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. Ошо Конституцияга мыйзамдарды ылайык келтирүү иши азыркы убакытка чейин бүтө элек. Мен алгач ошол иштен баштайм. Мындан сырткары ЖМКлар менен дайыма ачык болом. Карапайым жарандарды кабыл алуу күнү бейшембиге белгиленген, бирок мен анысына карбай мага кайрылган жарандарды кабыл алам» -дейт юстиция министри Айнур Абдылдаева.
Белгилей кетсек, бүгүн 25-апрелде Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттүн курамы ант берди.